06:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү митингге чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыкты.

Чогулгандар кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйыны кайтадан жылдырылганына нааразычылык билдиришүүдө.

«Конкреттүү жооп алабыз, себеби бүгүн болобу же болбойбу деген көп суроолор бар. Соттун тиешелүү өкүлдөрүнөн чыгып бизге сот канчасында болорун айтып коюшсун», — деди Атамбаевдин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева үн күчөткүч менен сүйлөп жатып.

Жогорку соттун маалымат кызматы судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу Атамбаевдин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын билдирген эле.

Жакындары Атамбаевдин темир тордун артында мыйзамсыз отурат деп билдирип, соттук процесттердин жабык өтүп жаткандыгына нааразы болуп, ачык жана таза сот болушун талап кыларын кечээ социалдык тармакка жазышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар