17:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин борборунда митингдерге тыюу салуу чечими кайрадан узартылды

Бишкектин борборунда митинг жана нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган чечим узартылды. Бул тууралуу журналисттерге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, Биринчи май районунун акимиаты сотко кайрылган. Ал тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө тууралуу чечимин мыйзамдуу деп табууну суранган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 28-декабрындагы чечими менен арыз канааттандырылган.

Тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу 2024-жылдын 31-мартына чейин узартылды.

Эскерте кетсек, Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварында, Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, ошондой эле Жогорку Кеңештин жана ага жакын Панфилов паркында, президенттин администрациясынын алдында, Турсунбаева атындагы бакта, Жогорку соттун, Россия элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин имараттарынын жанында митинг өткөрүүгө болбойт.

Ала-Тоо аянтында өткөрүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралар буга кирбейт.

Акцияларды мурдагыдай эле Горький атындагы гүлбакта, Рыскулов менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде гана өткөрүүгө болот. Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими 2022-жылдын март айынан бери күчүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар