01:40
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Бишкекте кен казып алуучу компанияларга каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында курчап турган айлана-чөйрөнү булгоого каршы акция өтүп жатат. 

Митингдин уюштуруучусу Элери Битикчинин айтымында, нааразычылык акцияга чыгууга «Кумтөр» алтын кенин иштетүүчү компаниянын пайдасына Ысык-Көлдөгү Сарычат-Эрташ коругунун берилиши себеп болду.

««Барсбек» демилгечи топ кен иштетүүчү компанияларды сотко берүү ниетинде. Алардын арасында «Кумтөр», «Солтон-Сары» жана башка компаниялар бар», -деди Элери Битикчи.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда өкмөт жаңы келишим боюнча Сарычат-Эрташ коругундагы 16 миң гектар жер аянтын алтын казуу үчүн «Кумтөргө» берген деген маалымат тараган. Бирок, «Кыргызалтын» ААКнын төрагасы Алмаз Алимбеков маалыматты четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар