06:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Супермаркеттин жанындагы мушташ. ИИМ башчысын кызматтан кетишин талап кылышууда

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында «Жал» кичирайонунда эки адамды ур-токмокко алган факты боюнча митинг өтүүдө.

Акцияга жабырлануучулардын туугандары жана активисттер катышууда. Алар ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Ошондой эле кылмышкерлерди кое берип жиберген милицияны жоопко тартууну талап кылышууда.

«Кечээ 3 милиция кызматтан айдалды деп билдиришти. Алар жазадан качпашы керек, жоопко тартууну талап кылабыз. Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Президент жана өкмөт башчы ишти өз көзөмөлүнө алсын. Мындан тышкары ар бир иш ачык өтсүн. Эмне үчүн кылмышкер Жаныбек Бапышов менен Калыс Сейтбековду дагы деле кармай алышпайт?», -деп билдиришти нааразы болгондор.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Саламаттык сактоо министрлигинен 28-августта Улуттук госпиталга 31 жаштагы бейтап келгенин айтышты.

«2 күндөн кийин жабырлануучу комадан чыкты. Аны нейротравма бөлүмүнө которушту. Анын баш мээси чайкалган, абалы орто оордукта», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар