USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кыргызстан Индия жана Кытайдын айрым жарандары үчүн визасыз режим киргизди

11:50, 17 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда Индия жана Кытай жарандары үчүн жети күнгө чейин визасыз режим киргизилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү, көп жолку визаларынын ээлери болгон Индия жана Кытай жарандары өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугуна ээ болуп, жети күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режимден пайдалана алышат.

Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайра кайтууга авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Кыргызстандан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет.

Бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика