06:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров: Душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм

Президент Садыр Жапаров мурдакы өлчө башчысы Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүлүшү боюнча ишке өз пикирин билдирди.

Ал бул соттун чечимин болгону белгилейт.

«Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз. «Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын» деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай, пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын» деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар