Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери чөлкөмдүн коопсуздук архитектурасын талкуулашты. Душанбе шаарында «Борбор Азиянын коопсуздук архитектурасы» аттуу форум өттү.
Форумдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык изилдөөлөр институттарынын, эксперттик коомчулуктун, фонддордун жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү катышты. Форумдун алкагында ошондой эле пленардык сессия болуп өтүп, анда катышуучулар эл аралык кырдаалды эске алуу менен чөлкөм ичиндеги негизги тобокелдиктерди жана коркунучтарды талкуулашты.
Чөлкөмдөгү мамлекеттер кызматташтыкты чыңдоосу жана кеңейтүүсү, коопсуздукка таасир этүүчү факторлорду биргелешип аныктоосу зарыл экендиги белгиленди. Эксперттер ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүү, транспорттук-транзиттик инфратүзүмдү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелерин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнө таасир этүүчү социалдык тобокелдиктерди талкуулашты.
Өзгөчө басым Борбор Азиянын тегерегиндеги чыр-чатактардын кесепеттерине жана салттуу эмес коркунучтардын, биринчи кезекте маалыматтык-коммуникациялык чөйрөдөгү коркунучтардын өсүшүнө жасалды. Чөлкөмдүк координацияны мындан ары чыңдоо жана жамааттык чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы баса белгиленди.
Чөлкөм үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп жаткан суу-климаттык күн тартибине, ошондой эле узак мөөнөттүү туруктуулуктун жана өнүгүүнүн маанилүү фактору катары чөлкөмдүк окшоштукту (идентиктүүлүктү) калыптандыруу процесстерине өзгөчө көңүл бурулду.

