17:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Актёрдун операциясына акча табылды. Президент 42 миң доллар берди

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадиллаевдин операциясына жетпей жаткан каражатты президент Садыр Жапаров берди. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ооруканага президенттин атынан 42 миң долларды жеткирип беришкен.

Азиз Мурадиллаевдин боорун тезинен алмаштыруу үчүн чет өлкөдө операция жасалышы керектиги, ага 45 миң доллар талап кылынары айтылып, 3-4 күндөн бери акча чогултуу акциясы өтүп жаткан. Анын алкагында эл-журттан 3 миң долларга жакын каражат топтолгону кабарланган.

Мурадиллаев учурда Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүндө.

Ал боордун циррозу менен жабыркап келет. 2016-жылы дагы анын операциясына акча чогултулуп, бирок анда чет өлкөлүк дарыгерлер боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок экенин айтышкан. Азиз Мурадиллаев ошол кезде элден чогултулган акчанын артканын режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

Азиз Мурадиллаев азыр 44 жашта. Ал кино жана театр актеру катары белгилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар