Эртең, 9-майда Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган «Өлбөс полк» аскердик-патриоттук акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, Байтик баатыр көчөсүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.
Буга байланыштуу аталган багыт аркылуу каттаган автобустардын жүрүү аралыгы убактылуу узарышы мүмкүн.

