18:15
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Чүйдө изделип жаткан 13 жаштагы өспүрүм табылды

Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Эмирлан Эрланов милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы туулган Эмирлан Эрланов 3-май күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Ново-Октябрьская көчөсүндөгү № 30 үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Чүй облустук ИИБ
Фото Чүй облустук ИИБ . Чүйдө дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Сокулук РИИБинин кызматкерлери 8-май күнү баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти.

Мындан башка маалымат айтылган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар