10-12-май күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү, ал эми дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Калкка майрам жана дем алыш күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: мүмкүн болушунча тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарга барбоо, дарыялардын жээктеринде жана капчыгайларда эс албоо, ошондой эле катуу жаан учурунда тоо жолдорунда жүрбөө керек.
Эс алуу учурунда жеке коопсуздугуңузга көңүл буруп, катуу агымдагы суулардан алыс болуңуз.
Зарыл учурда 102 кызматына кайрылыңыз.

