09:32
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

С. Жапаров оң рулдуу унааларды ташууга уруксат берүүгө каршы

Президент Садыр Жапаров оң рулдуу унааларды өлкөгө ташып келүүгө уруксат берүүгө каршы. Бул тууралуу ал биринчи элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө авариялардын 70-80 пайызы оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатат.

«Согуш учурунда дагы мынча адам өлбөйт, кырылып жатат деп статистика берип жатышат. Оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизсек, салык, бажы төлөмдөрүнөн өтө көп акча түшөт. Мен бюджетти толтурайын деп кызыксам, кылып коймокмун. Авариядан эл өлүп жатпайбы, жөн эле кыйнай бербеш керек. Айрыкча, жаштар жаңы, жакшы машина алып келип алалы деп жатышат. Экинчи жагын дагы ойлойлу», — дейт президент.

Акыркы убакта бир катар айдоочулар өлкөдө унаалар эскиргенин айтып, оң рулдуу машиналарды Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берүүнү суранып келишет. Бул боюнча демилгелер парламентте депутаттар тарабынан дагы байма-бай көтөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2015-жылдан тарта Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар