13:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кара-Балта шаарынын мэри кызматтык унаасын медиктерге берди

Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Аалыев кызматтык унааларын медицина кызматкерлерине тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

Автоунааларды Жайыл районунун аймактык бириккен оорукана жана Бириккен үй-бүлөлүк дарыгер борбору коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн колдонууга алышты. Мындан сырткары шаардын бюджетинен 5 миллион сом бөлүнгөн. Каражат ИВЛ аппарат, кычкылтек концентратор жана тез жардам кызматына жабдуу алууга жумшалат.

"Апта башында Саламаттыкты сактоо жана коопсуздук департаментинин директору жана Башкы медициналык борборунун башчысы шаар мэриясынан тез жардам бригадасына медициналык шаймандарды жана күйүүчү-майлоочу майларды алууда жардам көрсөтүүнү суранышкан. Мэр Данияр Шабданов шаардык кеңештин депутаттарына бюджеттен дарыгерлердин муктаждыгына акча бөлүү тууралуу кайрылган. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Аалыев кезексиз жыйын өткөрүп, депутаттар бул маселени бир добуштан колдошкон. Эки жуманын ичинде керектүү шаймандар сатылып алынат”, - деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби