09:53
USD 87.43
EUR 102.31
RUB 1.17

Тажикстанда жер титирөө катталып, күчү Кыргызстанда сезилди

Тажикстанда жер титирөө катталып, анын күчү Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө бүгүн, 29-апрелде түнкү саат 2:22де катталган. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Кара-Тейит айылынан 20 чакырым түштүк-батыш тарапта, ал эми Баткен шаарынан 110 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит жана Карамык айылдарында болжол менен 2,5 баллды түздү.

Сейсмологдор ошондой эле 28-апрелде саат 11:43тө Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлашты. Анын очогу Такталы кырка тоосунун аймагында — Көк-Бел айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Токтогул районунун борборунан 25 чакырым түштүк-чыгышта жана Манас шаарынан 80 чакырым түндүк тарапта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Көк-Бел айылында болжол менен 3 балл, Кетмен-Төбө айылында болжол менен 2,5 балл деп бааланды.

Эң көп окулган жаңылыктар