10:13
USD 87.43
EUR 102.31
RUB 1.17

Бишкек шаары 148 жашта: Ала-Тоо аянтында бий майрамы өтөт

Бүгүн, 29-апрелде Ала-Тоо аянтында «Вальс кечеси» өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара бий сүйүүчүлөрүн, классикалык музыканы баалагандарды жана жаздын кооз кечин назиктик менен шыктануунун атмосферасында өткөрүүнү каалаган бардык жарандарды бириктирет.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Белгиленгендей, бул маданий иш-чара Бишкек шаарынын күнүн майрамдоонун алкагында уюштурулууда.

«Вальс кечеси» — бул өз өнөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк гана эмес, жандуу музыка, көркөм кыймылдар жана унутулгус сезимдер менен коштолгон чоң шаардык майрамдын бир бөлүгү болууга мыкты шарт.

Эң көп окулган жаңылыктар