Бишкек шаарынын негизделгенине 148 жыл болду. Калаа 1878-жылдын 29-апрелинде, кокон чебинин ордунда пайда болгон Пишпек — уезддин борбору катары бекитилген. Ошондон бери борбордун аты үч жолу алмаштырылган: Пишпек, Фрунзе, андан кийин Бишкек.
1878-жылы Пишпек болуп түптөлүп, 1926-жылы Фрунзе деп өзгөртүлгөн. 1991-жылы Кыргызстан СССРден бөлүнүп, эгемендик алган соң Бишкек деп аталган. Дал ушул шаарда Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялап, шаар Кыргыз Республикасынын борбору болуп калды. Совет мезгилинде баш калаа «жашыл шаар» аталып, даңкы далайга угулган.
Бишкек — Кыргызстандын эң ири шаары жана деңиз деңгээлинен 700-900 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда болжол менен 1 миллион 200 миңге жакын жашоочуларды кучагына алган Бишкектин аймагы байыртадан эле адамдар отурукташкан жер болгон.
Бүгүнкү күндө шаарыбыз — Кыргызстандын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору. Шаар кеңейип, жаңы конуштар кошулду, калктын саны өстү. Калаабызда опера жана балет театры, филармония, улуттук музейлер жана китепканалар жайгашкан. Шаар советтик архитектура менен заманбап стилдердин айкалышын чагылдырат. Алсак, акыркы жылдары бийик имараттар, турак жайлар көп курулуп, өнүгүүнүн жолунда.

