10:13
USD 87.43
EUR 102.31
RUB 1.17

Бүгүндөн тарта Бишкектеги фонтандар иштей баштайт

Бүгүн, 29-апрелден тартып фонтандар иштей баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдап жатат.

Борбор калаадагы фонтан комплекстери:

  • Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
  • Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
  • Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
  • Ататүрк паркындагы фонтан;
  • «Революция күрөшчүлөрүнүн» фонтаны;
  • Токтогул көчөсүндөгү фонтан.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишин улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар