Каратэ-до шотокан WSF боюнча XVI дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып, Кыргызстандын курама команды ийгиликтүү жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-26 апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында Каратэ-до шотокан WSF боюнча XVI дүйнө чемпионаты жана биринчилигине 21 мамлекеттин спортсмендери катышты.
Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпы 33 медаль утуп, командалык эсеп боюнча 4-орунду ээледи.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында алтын медаль ээлери:
- Жаныбек Исаев (-52 кг)
- Даниил Адамов (-70 кг)
- Атабек Турдугулов (-70 кг)
- Бакай Мирланов (-75 кг)
- Артур Назарбеков (-76 кг)
- Усон Абдибаситов (+76 кг)
Күмүш медаль ээлери:
- Нуржигит Аманбеков (-40 кг)
- Артём Кузнецов (-55 кг)
- Нурдоолот Рысбеков (55кг+)
- Чынгыз Айтбеков (-70 кг)
- Мырзакун Асылбеков (-76 кг)
Коло медаль ээлери:
- Барсбек Аскаров (-45 кг)
- Актан Балкияев (-52 кг)
- Нурсултан Рахманов (-57 кг)
- Жолдубай Усенов (-60 кг)
- Изатбек Калыбеков ( −67 кг)
- Нурсултан Усонов ( −75 кг)
- Шайырбек Осмонов (+75 кг)
- Аманбол Талайбеков (+84 кг)
Кыз келиндер:
Алтын медаль ээлери:
- Айдай Алмазбекова ( −38 кг)
- Элеонора Кочкорова (-40 кг)
- Аяна Замирбекова ( +40 кг)
- Айтунук Турсунбекова ( −50 кг)
- Жанерке Турдалыева (-54 кг)
- Баяна Замирбекова ( +59 кг)
- Жаркынай Эрнисова (-61 кг)
Күмүш медаль ээлери:
- Жанат Жапарова (-47 кг)
- Маржан Нурланова ( −54 кг)
Коло медаль ээлери:
- Сабина Камчыбекова (-38 кг)
- Сафия Калмаматова (-44 кг)
- Аруна Рысбекова (-61 кг)
- Ажар Орозалиева (-61 кг)
- Айсулуу Баялиева (35–44 жаш)
Жалпысынан, кыргызстандык каратэчилер эл аралык аренада жогорку деңгээл көрсөтүп, өлкөнүн намысын татыктуу коргоду.

