14:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Валентина Шевченко тартылган фильмдин бет ачары сентябрда Канадада болот

Кыргызстандын сыймыктуу мушкер айымы, UFC чемпиону Валентина Шевченко тартылган «Bruised» фильминин беч ачары сентябрда Канадада өтө турчу кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу америкалык актриса Холли Берри өзүнүн Instagram баракчасына билдирди.

Маалым болгондой, фильмде Холли Берри баш каарманды жаратса Валентина Шевченко терс каармандын образын жаратып Холли Берринин эң негизги атаандашы болот.

«Мен аябай толкунданып жатам, себеби менин режиссёрлук алгачкы дебютум ушул жылдын сентябрында #TIFF2020 кинофестивалында көргөзүлөт. Сентябрда көрүшкөнчө», — деп жазган актриса Холли Берри.

Эң көп окулган жаңылыктар