Жогорку Кеңештин депутаты Гүлай Машрапова Ош облусунун Кара-Суу районундагы дыйкандардын абалы оорлошуп жатканын билдирди. Анын айтымында, айыл тургундары минералдык жер семирткичтердин кескин кымбатташына даттанып, массалык түрдө кайрылышууда.
Эл өкүлү баалардын өсүшүн көрсөткөн конкреттүү цифраларды келтирди. Алсак, карбамиддин баасы бир килограммы үчүн 28 сомдон 56 сомго чейин секирип, аммофос 48 сомдон 60 сомго чейин кымбаттаган. Ал эми азоттук жер семирткичтердин баасы эки эседен ашык — 17 сомдон 38 сомго чейин көтөрүлгөн.
Гүлай Машрапова негизги кирешеси түшүмдөн көз каранды болгон айыл тургундары үчүн бул маселе маанилүү экенин баса белгилеп, тиешелүү органдарды тез арада чара көрүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, буга чейин жер семирткичтердин тартыштыгы жана баасы боюнча кырдаалга президент Садыр Жапаров Ош облусунун тургундары менен болгон жолугушууда түшүндүрмө берген. Мамлекет башчысы Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келүүчү логистикага жана жеткирүүлөргө Ормуз кысыгындагы чыңалып турган кырдаал терс таасирин тийгизгенин түшүндүргөн.
Президент кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана Ош облусунун Ноокат районунда минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу өздүк заводдун курулушу башталганын билдирген.

