Белоктун жетиштүү көлөмү камтылган тең салмактуу диета жана кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн алдында дарыгер менен кеңешүү — улгайган куракта арыктоонун башкы сыры болуп саналат. Бул тууралуу «НСН» маалымат агенттигине берген маегинде диетолог Марият Мухина билдирди.
Адистин айтымында, «дени сак тарелка» принцибин сактоо маанилүү. Мында тамак-аштын:
Жарымын — жашылча-жемиштер;
Төрттөн бир бөлүгүн — белоктор;
Калган бөлүгүн — татаал углеводдор түзүшү керек.
Дарыгер арыктоону баштоодон мурун кандын анализин тапшырып, липиддик спектрди жана инсулиндин деңгээлин текшерүүнү, ошондой эле эндокринолог жана гастроэнтерологдон кеңеш алууну сунуштады.
Диетолог кошумчалагандай, отуз жаштан кийин организм булчуң ткандарын жогото баштайт. Ал эми кырк жаштан кийин метаболизм (зат алмашуу) төмөндөйт. Гормоналдык өзгөрүүлөр жана стресстин фонунда май негизинен курсак тармагына чогулат. Мухина физикалык активдүүлүк адамга ырахат тартуулап, муундарга ашыкча күч келтирбеши керектигин баса белгиледи.

