Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери Чүй облусунун Панфилов жана Сокулук райондорунда чегирткелердин массалык түрдө жайылганын аныкташты. Масштабтуу текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, ведомство зыянкечтерди жок кылуу боюнча шашылыш чараларды даярдап жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Инспекторлор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 2 миң 610 гектар жерди текшерүүдөн өткөрүштү. Зыяндуу курт-кумурскалардын очоктору Панфилов районунун жогорку зоналарында, анын ичинде Фрунзе, Курама жана Орто-Кайыңды аймактарында катталды. Ошондой эле зыянкечтер Сокулук районунун Төмөнкү Чүй аймагындагы жайыттарга чабуул жасаган.
Жалпысынан чегирткелер 1 миң 250 гектар аянтты ээлеп алган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча департаменттин кызматкерлери актыларды түзүштү. Жакынкы күндөрү мобилдик топтор жабыркаган аймактарды химиялык иштетүүдөн өткөрө баштайт.
Эксперттер аймактарга ыкчам мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Мындай изилдөөлөр курт-кумурскалар айыл чарба эгиндерине өтүп кете электе, очокторду чектөөгө мүмкүндүк берет.
Буга чейин чегирткелер Кыргызстандын түштүгүнө чабуул жасаганы кабарланган. Расмий маалыматтар боюнча, ал жакта 7 миң 320 гектар жер жабыркаган. Быйыл зыянкечтер адаттагыдан эрте пайда болду. Чегирткелердин жайылышын токтотуу үчүн жабыркаган аймактарды химиялык иштетүү иштери башталды.

