Министрлер кабинети мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салган 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Бул чечим президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акы төлөө тутумун өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынды.
Өзгөртүүлөргө ылайык, документке 5 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсациялык төлөмдү киргизүү боюнча жаңы норма кошулду. Ал иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн чегерилет. Аталган төлөм төмөнкүлөрдү эсептөөдө эске алынбайт:
үстөктөрдү;
жөлөкпулдарды;
13-айлыкты;
бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү;
башка кошумча төлөмдөрдү.
Финансы министрлигине 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү даярдоодо бул өзгөртүүлөрдү эске алуу, ошондой эле тиешелүү иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылуу тапшырылды.
Документ ушул жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирди.

