22:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Экономикалык кризис алты айга чейин созулушу мүмкүн

Борбордук Азияда 6 айга чейин азык-түлүккө болгон суроо-талаптын төмөндөшү күтүлүүдө. Мындай тыянакты Дүйнөлүк банктын айыл чарба боюнча алдыңкы экономисти Сергей Зоря онлайн-жыйында билдирди.

Анын айтымында, жакынкы 1-3 айдын ичинде айрым мамлекеттер белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Мисалы, азык-түлүктүн айрым түрлөрү боюнча баалардын өсүшү жана кирешелердин төмөн болушунан улам көптөгөн жакыр жашаган үй-бүлөлөр азык-түлүктү көп албай калышат. Ал эми аймактарда үй чарбачылыгынан тапкан кирешенин орточо эсеп менен 40-60 пайызы азык-түлүккө жумшалат. Чийки заттарды (жер семирткичтер жана уруктар) жеткирүү түйүндөрү үзгүлтүккө учурап, айыл чарба иштеринин кечеңдеши күтүлөт. Аны менен катар түшүм албай калуулары да мүмкүн.

 Азык-түлүк талабы экономиканын рецессиясынан, мигранттардын акча которууларынын басаңдашы жана аймактагы улуттук валютанын девалвациясынын натыйжасынан келип чыгат.

«Мындан тышкары, Борбордук Азиядан Россияга (негизги рыногу) жашылча-жемиштерге болгон суроо-талаптын төмөндөшү күтүлүүдө, себеби экономикалык кризис калктын сатып алуу жөндөмүнө таасирин тийгизди. Ошондой эле карантиндик чектөөлөрдөн жапа чеккен жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө насыяларын төлөөдө кыйынчылыктар жаралат», — дейт Сергей Зоря.

Эң көп окулган жаңылыктар