17:03
USD 87.43
EUR 102.31
RUB 1.17

Майрам күндөрүнө карата Бишкек автобекетинде каттамдардын саны көбөйөт

Эртеңден тартып майрам күндөрүнө карата Бишкек Автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жана Нарын багыттары боюнча шаарлар аралык каттамдар көбөйөт.

Белгилей кетсек, иш күндөрү жогоруда белгиленген багыттарга 100гө чукул унаа каражаты чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек шаарындагы автобекеттер кадимки режимде иш алып барып, иштөө убактысы күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:30га чейин болууда.

Күндүзгү убакыт 07:00дөн 19:00гө чейин, Нарын жана Ысык-Көл багыттарына негизинен кичи автобустар каттайт. Ал эми кечки 21:00дөн 23:30га чейинки аралыкта, аталган багыттар боюнча чоң көлөмдүү автобустардын каттамдары уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна 5, Нарын облусуна 1 автобус каттайт.

Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашгар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда.

Мындан тышкары, батыш багытын тейлеген Ак-Кула автобекетинде Талас облусуна жана Ташкент, Джизак эл аралык чоң автобустук каттамдары иш алып барууда.

Ошондой эле аба-ырайынын жылышы менен сезондук каттамдар да каралган 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кичиавтобус каттамдары да ишке киргизилет.

Эң көп окулган жаңылыктар