15:39
USD 87.43
EUR 102.31
RUB 1.17

Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүнө уруксат берилди: Иш-чара 9-майда өтөт

Бишкек шаарында «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүү макулдашылды. Бул тууралуу кыймылдын координатору Зульфира Хабибулина билдирди.

Анын айтымында, мэриядан тиешелүү уруксат алынды, иш-чара өткөрүлөт.

«Сапка тизилүү эрежесин жарыялайбыз! «Өлбөс полк» келе жатат!» — деп айтылат билдирүүдө.

Уюштуруучулар чогула турган убакыт жана жүрүштүн маршруту тууралуу кошумча маалымат берүүнү убада кылышты.

Адатта бул акция 9-майда өтүп, ага Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары болгон жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыккан миңдеген адамдар катышат

Эң көп окулган жаңылыктар