17:57
USD 87.43
EUR 102.31
RUB 1.17

Камчыбек Ташиев элге кайрылуу жасады. Эмнелерге токтолду?

УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев өзүнө карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматтардан кийин элге кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусун жардамчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасынан бөлүштү.

«Урматтуу эл-журт! Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам.

Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты.

Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм», — деп жазылат Ташиевдин кайрылуусунда.

Эң көп окулган жаңылыктар