Бүгүн, 29-апрелде, Чемпиондор лигасынын 1/2 финалдык этаптын экинчи оюн күнүндө Мадриддин «Атлетико» клубу өз талаасында Лондондун «Арсеналын» кабыл алат.
Беттеш Испаниянын борборунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.
Эки команда тең оюнга чоң амбициялар менен келишти жана негизги еврокубоктук турнирдин финалына чыгуу үчүн маанилүү кадам жасоону көздөшүүдө.
«Атлетико» адаттагыдай эле уюшулган оюнга жана өз трибуналарынын күчтүү колдоосуна ишенсе, «Арсенал» ылдамдыкты жана чабуул коюу стилин колдонууга аракет кылат.
Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук беттештери 5чи жана 6-майга пландаштырылган.

