03:34
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

ЖЭБти модернизациялоо. Салайдин Авазов күнөөсүн мойнуна алды

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо байланыштуу кылмыш ишин кароо шаардык сотто уланууда.

Бүгүнкү жыйында «Электр станциялар» ААКсынын мурдакы жетечкиси Салайдин Авазов айыбын мойнуна алды. Анын айтымында, ага президенттин аппараты, Энергетика министри тарабынан ТВЕА менен тез арада келишим түзүү тапшырмасы келген. Салайдин Авазов шашылыш чечим Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине чейин бүткөрүү планы менен түшүндүрдү. Ал муну менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгын белгилейт.

«5 миллион сом айып пулду бөлүп төлөп берүүгө даярмын», — дейт ал.

Эске салсак, ЖЭБти модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин алкагында мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө камалып, мурдакы Финансы министри Ольга Лаврова жана Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев айыпка жыгылышкан.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди сот 5 миллион сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар