01:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мурдакы өкмөт башчы Сапар Исаков эгиз уулдуу болду

Экс-премьер-министр Сапар Исаков эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине маалымдады. 

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 4 кыздын атасы болсо эми эгиз уулу кошулуп кубанычында чек жок.

«Мен азырынча мындан башка эч нерсе билбейм. Бүгүн жубайым эгиз уулдарыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Баары жакшы», — дейт ал.

Белгилүү болгондой, Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде эгиз уулдарды жарык дүйнөгө алып келген.

Мурунку өкмөт башчы 24.kg агенттигинин журналисттерине бактылуулугун билдирип, жубайы жана балдарынын абалы жакшы экендигин белгиледи.

Эске сала кетсек Сапар Исаков Бишкек шаардык ТЭЦке байланыштуу биринчи баскычтагы сот тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылган.  Сапар Исаковдун жактоочусу ТЭЦке байланыштуу кылмыш иши боюнча кайра кароону сунуштаган.

Учурда шаардык сот кайра карап чыгууну улантууда.