08:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сапар Исаков соттон ЖЭБ боюнча күбөлөрдү алып келүүнү суранды

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Отурум залына баардык айыпталуучулар келишти, алардын катарында мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков дагы бар.

«Мен жагдайды түшүндүрүп кетейин. Эгер мен көрсөтмө бербесем, айыптоочу тараптын колуна салып бергеним болот. Демарш жасаганымдын себеби, документтерди жасалгалаган киши менен күбөнү алып келсин деп сиздерге жардам бергим келди. Эртең менен мени сотко күч менен алып келишти. Мени бир күндө алып келди, Асанова менен Хафизовду бир айдан бери алып келе алышкан жок. Биз чыгымды кантип аныкташканын билишибиз керек», — деди Сапар Исаков.

Аты аталган эксперттер мамлекетке келтирилген 111 миллион доллар чыгым тууралуу корутундуну чыгарышкан.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар