22:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мамлекеттик адвокат Сапар Исаковду жактоодон баш тартты. Эмне үчүн?

Жогорку сотто бүгүн Бишкек ТЭЦин мыйзамсыз модернизациялоо иши боюнча соттук териштирүү иши болмок.

Буга чейин айыпталуучулардын адвокаттары Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрүнө нааразы болушкан.

Сот процесси дагы жылдырылды, себеби мамлекет тарабынан Сапар Исаковго белгиленген адвокат бул ишке катышуудан баш тартты. Бул тууралуу юрист Бактыбек Жумашев 24.kg агенттигине маалымдады.

«Юристтин айтымы боюнча, Сапар Исаковдун мурдакы жактоочусу Замир Жоошев жакын таанышы болгондуктан бул ишке катыша албайт. Ошондуктан экс-премьер-минстрге башка жактоочу бөлүү тууралуу кат жазууга аргасыз болгон», — дейт Бактыбек Жумашев.

Белгилей кетсек, кечээ Сапар Исаковдун мурдакы адвокаты Замир Жоошев өзүнүн кардарын кассациялык инстанцияда аны коргоого макулдук алуу үчүн жолуга албай жатканын айткан.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо кылмыш иши боюнча Улуттук энергетикалык холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электр станциялары» ААКнын башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды, ТЭЦти модернизациялоо тобунун мурунку башчысы Темирлан Бримкулов жана Электр станциясынын коммерциялык директору Жолдошбек Назаров сот залында бошотулду. Мурдакы финансы жана энергетика министрлери Ольга Лаврова менен Осмонбек Артыкбаев айып пул төлөшөт. Ал эми экс-премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды.

Эң көп окулган жаңылыктар