21:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБди модернизациялоо боюнча иш. Сапар Исаковдун саламаттыгы начар

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаковдун кан басымы көтөрүлүп, соттук отурумга келе алган жок.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Бирок, мурдакы премьер-министр сотко келген жок.

Жактоочусунун айтымында, Сапар Исаковдун кан басымы көтөрүлүп жатат.

«Анын кан басымы 140-90 болуп көтөрүлүп кетиптир. Ал бүгүн сотко катыша албайт», — деди ал.

Эске салсак, райондук соттун өкүмү менен мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов дагы камалган.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен Финансы министри Ольга Лавровага айып салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар