14:21
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

ЖЭБ боюнча сот. Сот Сапар Исаковдун жактоочусун алмаштыруу тууралуу ниетин айтты

Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда.

Отурум башталарга чейин процесске мурунку премьер Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев келбегендиги анык болду. 

Сотто төрагалык кылган Ирина Воронцованын айтымында, жактоочу юридикалык жана процессуалдык нормаларды бузду. Анын айтымында, Замир Жоошев отурумга келе албай тургандыгын мурда эскерткен эмес. Ал эми жактоочу жок процесс уланбайт.

Сапар Исаков коргоочусунун келбеген себебин түшүндүрүүгө аракет кылып, Замир Жоошев виза үчүн документ толтуруп жүргөнүн айтты. Ирина Воронцова арызды адвокатурага жөнөтө турганын билдирди. Эгер кийинки отурумга жактоочу келбей турган болсо, анда анын ордуна башкасы алмаштырылат.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди сот 5 миллион сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар