09:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖЭБ чыры. Жактоочу Асылбек Жээнбековду жоопко тартуу керектигин айтты

Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу жемкорлук фактысы боюнча кылмыш иши мурунку премьер-министр Сапар Исаковду саясий куугунтуктоо максатында козголгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди. 

Анын айтымында, коомчулукка айыпталуучуга карата кылмыш иши боюнча баардык далилдер бар делген таасир калтырууда. Бирок, юристтин айтымында айыптоолор негизсиз.

«Баардык тобокелчиликти подрядчы алган. Келишимдин форматы парламент кабыл алган мыйзам менен бекитилген. Мыйзам чыгаруучу орган аталган келишимди түзүү үчүн баардык аракетин мыйзамдаштырган. Депутаттар өз аракеттерин ЖЭБди модернизациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууну президент суранганын, өкмөтөн түшкөн документти бир гана жолу карай алат деп түшүндүрүшүүдө. Бирок, парламент өкмөткө ишенбеш керек, ал аткаруучу органды кайра текшерүүгө милдетүү», — деди Нурбек Токтакунов.

Ал парламент насыялык келишимден башка мыйзамдолбоорлорун кароого укугу бар экенин билдирди. Бирок, буга карабастан ЖЭБди модернизациялоодо кытай насыясы тууралуу документти тездетилген ыкма менен 3 окууну бир жолу карап чыгышкан.

«Парламент Асылбек Жээнбековду мыйзамды түздөн-түз бузгандыгына карабай актап жатат. Биринчи окууга мыйзамдолбоорду даярдоодо жоопкерчилик профилдик комитетке жүктөлөт. Анда каржылык-экономикалык негизди текшериши керек болчу. Мамлекеттик айыптоочу эсептөө ыкмасынын негизин карап жатат, ошол эле учурда мыйзамга шек туудурууда. Асылбек Жээнбековду жана 3 парламенттик комитеттин төрагалары Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев жана Курманбек Дыйканбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек», — дейт Нурбек Токтакунов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума