16:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча соттун өкүмүнүн толук тексти даяр эмес

ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча соттун өкүмүнүн толук тексти дагы деле жок. Бул тууралуу мурунку премьер-министрдин жактоочусу Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына жазды. 

Анын айтымында, өзгөчө татаал иш боюнча Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, өкүмдүн тексти угузулгандан 3 күндөн кеч эмес убакта даяр болуп, 5 суткадан кеч эмес мөөнөттө айыпталуучуга жана жактоочуга тапшырылышы керек.

«Баарына маалым болгондой, өкүм 6-декабрда угузулган. 9-декабрда өкүмдүн толук тексти даяр болушу керек эле. Бүгүн судья өкүмдүн көчүрмөсүн Сапар Исаковго бериши керек болчу. Бирок азыркыга чейин толук текст жок! Эмнеге Инара Гилязетдинова адилетсиз өкүм чыгарууга шашты экен? Жообу баарына маалым болсо керек», — деп жазды жактоочу.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума