16:08
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

ЖЭБ боюнча сот. Кыргызстан Кытайдан пайыздык ченди төмөндөтүүнү суранган

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Экинчи күнү мурунку премьер-министр Сапар Исаков сурак берүүсүн улантты. Бүгүн жактоочулар ага суроо беришет.

Сотто Кыргызстан кытай тараптан ЖЭБди модернизациялоо үчүн бөлүнгөн насыянын пайыздык ченин төмөндөтүүнү жана жеңилдетилген насыянын мөөнөтүн узартууну сураганы маалым болду. Сапар Исаков сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда тапшырманы ким бергенин эстей албады.

«Президент тапшырма бергенби, эстей албай жатам. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кытайлык кесиптешине кайрылып насыялык ченди төмөндөтүүнү суранганы маалым», — деди Сапар Исаков.

Энергетика министрлигинин мурунку башчысы Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусунун айтымында, аларда ТИМ менен Каржы министрлигинин насыялык ченди азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу каты бар.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар