07:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖЭБ боюнча сот. Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусунун Сапар Исаковго суроолору көп

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Экинчи күнү мурунку премьер-министр Сапар Исаков сурак берүүсүн улантты. Бүгүн жактоочулар ага суроо беришет.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Асел Рысбаева Сапар Исаковдон Бишкек ЖЭБди модернизациялоо үчүн подрядчикти тандоодо бийлик конкреттүү түрдө качан чечимди кабыл алганын сурады.

Мурунку премьер-министр 2013-жылдын 4-майында подрядчы катары ТВЕАны тандагандарын айтты.

Асел Рысбаева Сапар Исаковдон ошол маалда ким энергетика министри болгонун тактап сурады эле, айыпталуучу эсинде жок экенин айтты. Жактоочу Осмонбек Артыкбаев подрядчыны тандоо маалында министр болгонбу деген собол узатты, мурунку өкмөт башчы жок деген жоопту берди.

«ТВЕА подрядчы катары Осмонбек Артыкбаев министр боло элекке чейин тандалганбы», -деген суроого, Сапар Исаков фактыны моюндады.

Белгилей кетсек, Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болуп 2013-жылдын майдын акырында дайындалган.

Асел Рысбаева президенттин аппаратынын эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган Сапар Исаковдун катында ал Кытайдын соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси менен модернизация долбоору боюнча бааны төмөндөтүүнү талкуулоо үчүн жолукканы айтылганын эскертти. Жолугушуу 2013-жылдын 13-майында болгон.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума