13:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Унаа сатууга байланышы бар жана алдамчылыкка шектүү делген жаран кармалды

Унаа сатууга байланышы бар жана алдамчылыкка шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын жайында Ош шаарында жергиликтүү тургун «Тайота Превия» үлгүсүндөгү автоунаасын сатыкка койгон. Унаанын ээси алдамчылардын кылтагына илинип, жыйынтыгында унаасын алдырып, аз суммадагы акча каражаты менен калган.

«Автоунаанын баасын 180 миң сомго баалашып, чала тааныш сатып алуучу жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, кийин калган суммасын төлөп берем деп 50 миң сом берген. Андан соң шектүү куру шылтоолор менен автоунаанын ээсин алдап жүрүп, кийинчерээк изин жашырып кеткен. Ал эми унаа үчүнчү жакка сатылып кеткендиги маалым болгон. Кийин жабырлануучу милицияга кайрылган», -деп билдиришти ИИМден.

Маалыматка караганда, 1973-жылы туулган шектүү башка аймакта жашынып жүргөн. Ал Ош облусунун Ноокат районундагы базарлардын биринен кармалды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби