07:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-августа күндүз жана 23-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар