11:13
USD 87.45
EUR 103.14
RUB 1.15

Бишкекте күн жылуу болот. 20-22-апрелге карата аба ырайы

Бишкекте аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай алдын ала божомолду синоптиктер билдиришти.

20-апрелде күн ала булуттуу болот. Түнкүсүн абанын температурасы +5°C чейин, күндүз +24°C чейин жылыйт.

21-апрелде түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү +8°C көрсөтсө, күндүз +27°C тегерегинде болушу күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн аз булуттуу жана +11°C болот. Күндүз күн бүркөлүп, бирок абанын температурасы +28°C чейин көтөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар