Эртең, 18-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 12...17
Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17
Бишкекте түнкүсүн 5...7°, күндүз 14...16° болот.

