Бишкекте аптанын башында жаан жаабайт. Мындай алдын ала божомолду синоптиктер беришүүдө.
27-апрелде күн ачык болот. Түнкүсүн абанын температурасы +12 градуска чейин, күндүз +24 градуска чейин жылыйт.
28-апрелде күндүз бир аз булуттуу болот. Түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү +11 градусту көрсөтсө, күндүз +26 градус тегерегинде болушу күтүлөт.
29-апрелде аба ырайы олуттуу деле өзгөрбөйт. Түнкүсүн +12 градус, күндүз +27 градуска чейин ысыйт.

