16:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бүгүн бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30; Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32; Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 12...17; Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21; Бийик тоолуу райондордо −5...-10, күндүз 3...8 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби