00:52
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ЖЭБ чыры. Айбек Калиев менен Темирлан Бримкулов жазаны толук түрдө өтөшөт

Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев менен Бишкек ЖЭБди модернизациялоо башкармалыгы боюнча топтун мурунку аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жазаны толук түрдө өтөшөт. Мындай өкүмдү Бишкек шаардык соту чыгарды.

Айбек Калиев жазасын түзөтүү колониясында 2 жыл 6 ай өтөмөкчү. Мындан тышкары 100 миң сом айып төлөйт.

Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айыпка жыгылды.

«Электрдик станциялар» ААКнын мурунку директору, райондук сот тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айыпка жыгылган Узак Кыдырбаев жаза мөөнөтү буткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.

«Электрдик станциялар» ААКнын директорунун мурунку биринчи орун басары Бердибек Боркоев, Бишкек ЖЭБдин мурунку директору Өмүркул уулу Нурлан жана Улуттук энергохолдингдин жетекчисинин мурунку орун басары Нурлан Садыков биринчи инстанциянын өкүмүнөн кийин күнөөлөрүн моюндарына алуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Аларды сот залынан бошотушуп, жаза мөөнөтүн өтөөнү айып төлөөгө чегеришти.

Эң көп окулган жаңылыктар