19:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Калдарбек Абдраманов: Шарт болсо кыргыз доктурлары оор операцияларды жасай алат

Фото Калдарбек Абдраманов

34 жылдан бери Калдарбек Абдраманов 6 миңден ашуун (жүрөктү токтотуп коюп) татаал операцияны жасаган. Ал жасаган операциянын  эң узагы 18 саат, эң кыскасы 13 мүнөткө созулган. Дарыгердин мындан 5 жыл мурун электр жарыгы өчүп калган кезде, уюлдук телефондун жарыгы менен операцияны аягына чыгарган видеосу көпчүлүккө маалым.

Түштүк регионалдык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунун негиздөөчүсү, кардиохирург, профессор 24.kg агенттигине медицина тармагындагы реформалар, жүрөк оорулары жөнүндө кеп кылды. 

— Статистика боюнча Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын кесепетинен көз жумгандардын саны көбөйүүдө. Өлгөндөрдүн 52 пайызы жүрөк-кан тамыр оорусунан жабыркагандар экен. Анын негизги себеби эмнеде?

— Ал элдин санына байланыштуу. Калктын саны өсүүдө. Ошол эле учурда адамдардын жашоо образы жана айлана-чөйрөнүн таасири дагы себеп болууда.

Кыргызстандын калкынын 40 пайызы тоолуу аймакта жашайт. Нарын, Ысык-Көл, Алай — ал жерлердин жаратылыш шарты катаал. Бул аймактарда жүрөктүн кемтик оорулары көп кездешет.

Өлкөдө 21 миң киши жылына ушул дарттан каза табат. Мисалы, Африка өлкөлөрүндө, жарандык согуш жүргөн аймактарда жылына 3-4 миң киши каза болот. Кыргызстанда согушу жок эле жүрөк ооруларынан жылына 21 миң киши көз жумууда.

Дүйнө жүзүндө 100 миң бала төрөлсө, анын 2 миңи жүрөктүн тубаса кемтик оорулары менен жабыркагандар.

Кыргызстанда жылына 160 миң бала төрөлсө, анын 3 миңге жакыны жүрөктүн кемтиги менен төрөлөт.

Биздин өлкөдө жылына жүрөккө миңге жетпеген операция жасалат. Бул керектүү болгон жардамдан алты эсеге аз. Кыргызстанда жүрөккө операция жасаган 5 борбор бар, анын экөө мамлекеттик илимий борбор.

Бул илдет өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, медицинанын жалпы деңгээли менен байланышкан.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Калдарбек Абдраманов шакирттери менен

— Медицина тармагы тынымсыз реформаланып келет. Анын жыйынтыгы байкалуудабы?

— 20-25 жылдан бери эле реформа жасайбыз деп программа кабыл алынып атат. Бирок, ошол башында кабыл алынган реформалардын жыйынтыгы болбогондуктан, кийинкилери дагы үзгүлтүккө учуроодо.

Реформалык программалардын максаты жакшы болгону менен анда, жергиликтүү шартка адаптация жасоо, өзгөчөлүктөрдү эске алуу жагы каралбай калууда.

Мисалы, олчойгон көп акча жумшап айылдарга, райондорго медициналык жабдык, шаймандарды алып барышты. Бирок, элдин көбү шаарга көчүп, же миграция менен сыртка чыгып кетти. Адистер жетишсиздигинен 50-100 миңдик аппаратуралар иштебей, чаң басып, чирип калды. Бул бир эле мисал.

— Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу өзүн актадыбы?

— Участкалык принципти жок кылып, үй-бүлөлүк медицинаны киргизебиз деп аша чаап кеткенбиз. Бул такыр туура эмес иш болгон. Азыр бир дагы аймактан үй-бүлөлүк дарыгерлерди таба албайсың. 

Аты эле бар, андай адис жок. Себеби, үй-бүлөлүк дарыгер — ал бир комплекстүү билими, тажрыйбасы бар адам.

Медицина бар дейбиз, ак халат кийген дарыгерлери да жүрөт, ооруканалар иштеп аткансыйт, бирок бири-бири менен байланыштуу бир бүтүн организм болбой,  колу өзүнчө, буту өзүнчө, башы өзүнчө иштейт. Мындайча айтканда, система талкаланып калды. Байланыш, бир тутум жок.

— Жеке менчик клиникалар азыр мамлекеттик ооруканага күчтүү атаандаштык түзүүдө. Алар тейлөө гана эмес, дарылоо жагынан дагы мыктылыгын көрсөтө алгандары бар...

— Албетте, жеке менчик клиникалар өнүгө берет. Анткени ага талап бар. Менчик медицинанын өнүгүүсүнө мамлекет өзү шарт түзүп, саламаттык сактоо тармагындагы саясат түрткү болууда. Ага жогоруда айткан натыйжасыз реформа өзү себеп болууда.

Саламаттык сактоо министрлиги кагаз бетинде гана иш жүргүзөт.

Медицинаны жолго коюштун жөнөкөй жолун жазып чыктым, бирок ага көңүл бурган бирөө дагы болгон жок. Шаардагы, райондук деңгээлдеги мыкты иш билги дарыгерлер бар, алардын пикирлерин сурап, макала даярдагам, аны талкуулашкан жок.

Мисалы, министрликтин дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү боюнча убадасы менин күлкүмдү келтирет. Анткени, анын колунда каражат жок да.

Мисалы, жүрөк хирургиясында, кардиологияда өлүмдү азайтыш үчүн, каржылоону көбөйтүш керек. Ага акча жок экенин билем, бирок медицина өзү акча тапса болот. Менин программам боюнча тармак жылдын ичинде бутка туруп, өзүн-өзү каржылоого өтөт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Калдарбек Абдраманов операция учурунда

Мисалы, бир оорукананы имаратынын чатырын алмаштырыш үчүн министрликке кат жазып, андан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) акча бөлүшүн күтүш керек. Ал акчаны кийинки жылы гана берет алат.

А биз болсо, шамал чатырды учуруп кеткен кезде, жамгырда суу аккан бөлмөлөрдө операция жасайбыз. Акча бөлүнгөнчө деп ишти токтотуп кое албайбыз.

Андыктан оорукананын өзүнүн каржы булагы, бюджети болсо, ага мыйзамдуу жол түзүлсө, азыр жеке менчикке барган бейтаптар бизге келет.

— Ооруканалар өз бюджетинен акча үнөмдөө жолу барбы?

— Саламаттык сактоо тармагынын жылдык бюджети 14 миллиард сом. Анын четинен бизге берилген акча дары-дармек, эмгек акы, коммуналдык кызматтарга кетет. «Жетекчи өзүнүн колуна түшкөн акчанын эсебинен үнөмдөп, каалаган жабдыкты сатып алса болот» деген жобо бар. Бирок, ашпайт.  Анткени, 30 киши келсе, балдар, карылар, майыптар, аларга акысыз кызмат көрсөтүшүбүз керек. Анын баарына медицинанын күчү жетпей, 70 пайызын гана каржылап атат.

— Аймактарда лабораториялык кызматтар жетиштүүбү?

— Лабораториялык кызматтар тууралуу айтсам, Жалал-Абад облусу боюнча инфекцияга анализ өткөрө турган бир эле жер бар. Облуста 1 миллион 300 миң калкы бар, 20-30 ооруканасы бар, ошол ооруканаларда жок дегенде күнүнө 10дон операция болсо, регион боюнча 200-300дөн операция болот. Ал бейтаптар сөзсүз түрдө СПИД, гепатит жана башка оорулардан анализ тапшырышы керек. Аталган лаборатория Жалал-Абад шаарында эле бар. Ал жумасына 2 эле күн иштейт экен. Калган күндөрү операция боло турган кишилер күтүп турабы, мен ушуну изилдеп атам. Дарыгерлер анализи жок эле операция жасап атышабы? Анан кантип жугуштуу оорулар жукпайт? Анализи жок эле жасап коюшу мүмкүн да. Ошондой мүмкүнчүлүк бар да? Статистика боюнча 20 оорукана болсо, жок дегенде 20 операция болот.

— Чет өлкөдөн атайын сиздерге келип операция жасаткандар барбы?

— Азырынча чет жерден келгендерди кабыл алганга шарт, мүмкүнчүлүк жок. Имарат 5 жылдан бери ремонту бүтпөй, 3 кабаттын биринчи кабаты гана оңдолгон. Бул боюнча өкмөткө, кайрымдуулук фонддорго кайрылып келгенбиз. 70 миллион сом каражат кетет экен, бул сумманы өкмөт таап берсе, толугу менен бүтмөк. Биздин борбор толугу менен ишке кирсе, жогоруда кеп кылган жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгон 21 миң кишинин саны бир топ азаймак.

Индияга барып боор, бөйрөк алмаштыргандары угуп, көрүп жүрөсүздөр.

Бизде шарт болсо өзүбүздүн дарыгерлер дагы аны жасай алышат. Бизде таланттуу хирургдар көп. Мисалы, менин эле тапталган 100гө жакын шакирттерим бар.

Эң көп окулган жаңылыктар