20:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чүй облустук ооруканасы шаардык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлөт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болуп, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды. Бул мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Чүй ооруканасынын «облустук» статусун «№ 2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына» өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Учурда ооруканада ЛОР, көз, кардиологиялык, хирургиялык, урологиялык, травматологиялык, реанимация, амбулатордук диагностика, терапевттик, неврологиялык, гинекологиялык жана балдар бөлүмдөрү бар. Оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундук төрөт бөлүмү да кирет.

«Оорукананы алдыдагы кайра профилдештирүүнүн алкагында гинекологиялык жана төрөт бөлүмдөрүн бириктирүү менен орундардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле балдар бөлүмүн тиешелүү түзүмгө өткөрүү маселеси каралышы шарт. Дарыгерлердин, орто жана кенже медкызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Толук кандуу тез жардам көрсөтүү үчүн реанимациянын ар бир бөлүмүндө ангионеврологиялык жана кечиктирилгис жардам бөлүмүн ачуу, ошондой эле ар бир бөлүмгө интенсивдүү терапия бөлмөлөрүн уюштуруу керек», — деп белгиледи мекеме.

Министр оорукананын мындан ары тез жардам ооруканасы катары толук кандуу иштеши үчүн министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тиешелүү адистери менен оорукананын статусунун өзгөрүшүнө байланыштуу муктаждыктарды тез арада эсептеп чыгууну тапшырды.

Эске салсак, Кыргызстанда пилоттук режимде алты облуста, Бишкек жана Ошто административдик-аймактык реформа башталган. Анын натыйжасында айыл аймактары жана шаарлар ирилештирилет, ал эми борбор калаанын аймагы дээрлик үч эсеге чоңоет, бирок административдик райондордун саны ошол бойдон калат.

Эң көп окулган жаңылыктар