21:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Спортчулар дары-дармектерди сатып алуу кечеңдеп жатканына тынчсызданышууда

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын алдыдагы мелдештерге даярдыгы менен таанышты.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө Парижде боло турган жайкы Олимпиада оюндарына байланыштуу команданын алдында турган актуалдуу көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

«Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармектерди сатып алуу боюнча тендерге арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Бул квалификациялык курамды даярдоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат жана биздин спортчулардын олимпиадалык аренадагы ийгилигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Алымкадыр Бейшеналиев витаминдерди жана дары-дармектерди сатып алуу Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жүрбөй турганын белгиледи.

Ал «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди тендер өткөрбөстөн түз жеткирүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүндүк берүүчү министрлер кабинетинин буйругун даярдоону сунуштады. Анын үстүнө керектүү дары-дармектердин 80 пайызга жакыны «Кыргызфармацияда» жеткиликтүү. Министр сатып алууларды жөнөкөйлөтүү демилгеси депутаттар тарабынан колдоого алынып, жакынкы аралыкта ишке ашат деген ишенимин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар