06:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бөйрөк трансплантациясына байланыштуу суроолор боюнча кайда кайрылса болот

Саламаттык сактоо министрлигинде мекеменин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өтттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда тууган донордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин жана донорлордун реестрин өркүндөтүү, дарыгерлер топторун, анын ичинде иммунологдорду даярдоо, аларды чет өлкөлөрдө, Түркиянын адистештирилген клиникаларында окутуу талкууланды.

«Жыйынтыгында донорлорду жана реципиенттерди тандоо боюнча нефролог, уролог, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрүнөн турган этикалык комиссиянын отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Кыргыз-Түрк достук ооруканасына иммуносупрессивдүү дары-дармектерди, реагенттерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Бөйрөк трансплантациясына байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылса болот:

  • Мээрзат Касымалиева — бөйрөк алмаштыруу боюнча координатор, телефон: 0700844407;
  • Мира Исаева Исаевна — Кыргыз-Түрк ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, телефон: 0772 505652;
  • Насира Бейшебаева Адылбековна — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы, телефон: 0700627716;
  • Динара Аалыевна Айыпова — медицина илимдеринин кандидаты, Улуттук кардиология жана терапия борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы, телефон: 0555 778792;
  • Санабар Матамова Исраиловна — «Гемодиализ менен ооруган бейтаптар» коомдук уюмунун өкүлү, телефон: 0778 134738.

Буга чейин президент Садыр Жапаров гемодиализ алган кыргызстандыктарга бөйрөгүн бекер алмаштырып берүү тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миң 500дөн ашуун жаран гемодиализ алат. Алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык кароодон өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярданып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар