04:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда дагы бир бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Бул тууралуу Саламатттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардан кабар алды.Операция ушул жуманын аягында жасалат. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолору менен жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин кайрылса болот:

  • нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева — 0700 62 77 16;
  • трансплантология бөлүмүнүн башчысы Байзаков Мирбек 0550 22 77 01.

Эске салсак, 1-февралда 21 жаштагы кызга бөйрөгүн акысыз алмаштыруу операциясы жасалган. Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган кыргызстандыктарга бөйрөктү бекер алмаштыруу боюнча операция жасоону тапшырган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миң 500дөн ашык жаран гемодиализ алат. Алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык кароодон өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярданып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар